Ош шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды
видеодон алынган кадр
27 июнь

Ош шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды

Ош шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындан туура эки ай мурун президент Садыр Жапаров Ош шаарынын эли менен болгон жолугушуусунда тез жардам кызматынын кызматкери борбордун имараты эскирип, заман талабына жооп бербей калганын айтып, жаңы имарат куруу өтүнүчүн билдирген.

Мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде маселе ыкчам чечилип, бүгүн эски имаратты демонтаждоо иштери башталды. Жаңы тез жардам борборунун курулушу Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланууда.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жеринде таанышып, курулушту сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Долбоорго ылайык, жаңы тез жардам борбору эки кабаттуу, бардык заманбап талаптарга жооп берген имарат болуп курулат.

Анда медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттары, диспетчердик борбор, эс алуу жана тейлөө бөлмөлөрү, ошондой эле тез жардам унаалары үчүн жабык унаа токтотуучу жай жана атайын техникалык аймактар каралган.