Юстиция министрлиги аймактардагы адвокаттардын жетишсиздигин жоюунун жаңы ыкмасын тапты
КР Юстиция министрлиги локалдаштырган адвокаттык лицензия берүү ыкмасын киргизүүнү сунуштоодо. Бул аймактардагы адвокаттардын жетишсиздигин жоет. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, аталган министрлик тиешелүү мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна койду.
Сыдыков белгилегендей, учурда адвокаттардын баары чоң шаарларга иштейт жана айрым алыскы аймактарда бир дагы адвокат жок. Бул биринчи инстанциядагы сот процесстеринин ишин үзгүлтүккө учуратат.
“Конституцияга ылайык, ар бир жаран квалификациялуу укуктук жардам алууга укуктуу. Бирок алыскы аймактарда адвокаттардын жоктугу бул укуктун толук кандуу ишке ашышына тоскоолдук жаратат. Ошондуктан биз локалдаштырылган адвокаттык лицензия киргизип жатабыз. Лицензия алууда босого чек 70 пайыз болсо, 50 пайыздын тегерегинде балл алып калгандар өз эрки менен алыскы райондордун бирине, мисалы, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжага жөнөтүлөт. Ошол жакта адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт”, – деди Сыдыков.
Айтымында, бул ыкма аркылуу алыскы аймактар адвокат менен камсыз болот. Учурда райондордогу сот процесстерине облустан адвокаттар иш сапары алкагында жиберилет. Бул бюджетке кошумча чыгым жаратат.
“2023-жылы биз бул ыкманы нотариустарга колдонгонбуз. Азыркы маалда 35 жаран локалдык лицензия менен аймактарда иштеп жатышат”, – деди ал.
