Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 сентябрь

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мамадалиев Мэлис Суеркулович Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.    

Президент кол койгон башка жарлыкка ылайык, Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси кызматынан бошотулду.