Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды
19 февраль

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге М.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, И.У. аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, И.У. аттуу жаран А. Токомбаев көчөсүндө ишенимине кирип, өзүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин биринин уулу катары тааныштырып, акча каражаттарын кайтарып берүүгө көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен алдоо жолу аркылуу 20 миң 500 сом акча каражатын ээлеп алып, андан соң изин жашырып жүрөт деп билдирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1997-жылы туулган И.У. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди. Ага карата электрондук көзөмөлдөө каражаты (электрондук билерик) түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.