Бишкекте коомдук тартипти бузган үч чет өлкөлүк жаран кармалды
Бишкекте үч чет өлкөлүк жаран коомдук тартипти бузганы аныкталып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.
Милициядан кабарлашкандай, алар чет өлкөнүн жарандары: Y.X., 1987-жылы туулган, G.Y., 1989-жылы туулган жана Z.Z., 1989-жылы туулган экендиги аныкталды.
Такталгандай, аталган жарандар коомдук жайда коомдук тартипти бузуп, катуу үн чыгарып, айланадагылардын тынчтыгын бузушкан. Алардын бири коомдук жайда жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерине каршы келген аракеттерди жасаган.
Аталган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ( Майда бейбаштык) ылайык протоколдор түзүлүп, андан соң алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, учурда аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү маселеси мыйзам талаптарына ылайык каралууда.
Ички иштер органдары өлкөнүн жарандары менен бирге чет өлкөлүк жарандарды да коомдук тартипти сактоого, айланадагыларды урматтоого, тынчтыкты бузбоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат. Мыйзам талаптарын бузуу мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.
