ӨКМ тоолуу аймактарда кайрадан сел коркунучу тууралуу эскертти
www
8 июль

ӨКМ тоолуу аймактарда кайрадан сел коркунучу тууралуу эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо сел коркунучу тууралуу кайрадан эскертти. 

Маалыматка ылайык, 9нан 13-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды этият болууга чакырды.