Кыргызстанда 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталды
24 декабрь

Кыргызстанда 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталды

2025-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль жолдорун оңдоо жана куруу боюнча болуп көрбөгөндөй жыйынтыктарга жетишти. Анын ичинде стратегиялык, мамлекеттик, жергиликтүү жолдор жана эл аралык транспорттук коридорлор камтылды.

Жыл ичинде план боюнча 1000 км жол асфальтталууга тийиш болсо, иш жүзүндө 1545 км жол асфальтталды. Бул пландалган көрсөткүчтөрдөн дээрлик эки эсеге көп. Салыштыруу үчүн, акыркы беш жылдагы көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: 2021-жылы — 175 км, 2022-жылы — 488,4 км, 2023-жылы — 673,8 км, 2024-жылы — 802 км.

Министрлик мындай жогорку натыйжаларга өлкө жетекчилигинин ар тараптуу колдоосунун жана жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган системалуу мамиленин аркасында жетишилгенин белгилейт.