Тоолуу өрөөндөрдө кар көчкү жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, айдоочуларды сак болууга чакырды.
Маалыматка ылайык, 27синен 29-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда:
- Бишкек—Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
