Блогер Нурлан Мотуев уулдуу болду
Блогер Нурлан Мотуев социалдык тармактагы баракчасында кубанычтуу кабары менен бөлүштү. Анын айтымында, мурдагы жубайы Эля салмагы дээрлик 4 килограмм, бою 51 сантиметр болгон соо-саламат уул төрөдү. Ымыркайга Абдурахман деген ысым ыйгарылды.
Мотуев буга чейин да баласынын төрөлүшүнө байланыштуу эмоциялары менен бөлүшүп, жарыялаган видеолордун биринде банктагы акчаларын алып, бул кубанычтуу окуянын урматына мурдагы жубайына батир алып берерин убада кылган.
Бул жаңылык социалдык тармактарда активдүү талкууланууда.
