Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу тандалды
«Шоро» компаниясынын улуттук суусундугу аталган максым Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу болуп жарыяланды.
«Шоро» менен өнөктөштүк Оюндарга даярдык көрүүнүн алкагында логикалуу кадам катары бааланды. Компания көп жылдан бери өлкөнүн гастрономиялык бренддеринин бири жана улуттук өндүрүштүн символу катары таанылып, көчмөндөрдүн салтын жана жашоо образын чагылдырып келет.
Уюштуруучулар белгилегендей, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин мурасын сактоо жана жайылтуу, этноспортту өнүктүрүү жана маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө багытталган. Бул контекстте максым жана «Шоро» компаниясынын башка продукциялары жандуу маданий салттын бир бөлүгү катары каралууда.
Кызматташтыктын алкагында компания катышуучуларды, конокторду жана ыктыярчыларды улуттук суусундуктар менен камсыз кылат, ошондой эле кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде жайылтуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат.
Эл аралык катчылыкта белгилешкендей, «Шоро» компаниясынын расмий суусундук макамында катышуусу иш-чаранын өзгөчөлүгүн күчөтүп, дүйнөнүн ар тарабынан келген конокторго Кыргызстандын салттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Күтүлгөндөй, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Бул иш-чара спортту, маданиятты жана илимди бириктирген эң ири эл аралык аянтчалардын бири болот.
