БА өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын президенттери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту
президенттин администрациясы
31 июль

БА өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын президенттери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту

Бүгүн, 31-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев катышты.

Президент Садыр Жапаров жолугушууну ачып жатып, акыркы жылдары мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашууларга жетишилгенине жана өз ара ишенимдин чыңдалышынын аркасында аймактык кызматташтык сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкканына токтолду.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн аймактагы өлкөлөрдүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Борбордук Азиянын орток кызыкчылыктарын эл аралык аренада ырааттуу илгерилетүү ниетин баса белгиледи.

Президент транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана энергетикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл буруп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун стратегиялык маанисин, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.

Садыр Жапаров ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыктын зор мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ал Кыргызстандын Борбордук Азия мамлекеттерине келген чет өлкөлүк жарандар үчүн бирдиктүү туристтик визаны киргизүү демилгесин белгилеп, бул багытта макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Ошондой эле Кыргызстандын Президенти Түркмөнстандын Консультативдик жолугушуулар форматындагы төрагалыгына жогору баа берип, 2026-жылдын 8-октябрында Аваза шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын башчыларынын сегизинчи Консультативдик жолугушуусун ийгиликтүү өткөрүү үчүн кыргыз тарап аракеттешүүгө даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчылары кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурушуп, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Сөз сүйлөө аяктаган соң президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.

Бейформал Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол коюлган декларация Борбордук Азия мамлекеттери менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди, алардын тынчтык, ынак коңшулук жана туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендигин, ошондой эле аймактык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө болгон умтулууларын чагылдырарын айтты.