
Президент Абхазия менен Армениянын унааларын мыйзамдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койду
Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, кыймылдуу мүлктү сатып алуу процессинин ачыктыгын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарынын ак ниеттүү ээлери үчүн анын сакталышына кепилдик берүүнү камсыз кылуу, жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү легалдаштыруу боюнча чечим кабыл алуу, жеке жактар тарабынан алар колдонгон автотранспорт каражаттарын ыктыярдуу каттоо жолу менен укуктук белгисиздикти жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар жеке жактардын автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосун эки айлык мөөнөттө жөнгө салсын жана тиешелүү чечим кабыл алсын;
2) чечимдин долбоору менен алты айлык мөөнөттө легалдаштыруу жол-жобосун 3 этап менен жөнгө салсын:
1-этап – укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;
2-этап – укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;
3-этап – укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү (запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.);
3) Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелерин жана шарттарын, алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын өлчөмүн жана колдонуу мөөнөтүн иштеп чыксын жана бекитсин;
4) автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жөнүндө милдеттенме менен чет мамлекеттердин жарандарынын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана жүрүү мөөнөттөрүн контролдоо тартибин иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин, ошондой эле мындай автотранспорт каражаттарына ээлик кылууга укук белгилөөчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын жарандарынын башкаруусунда чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарынын кирүүсүнө тыюу салсын;
5) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык бирлигинин ички чек араларында жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек араларында автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу, аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды аткарууга алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын башкаруусундагы чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын табууга көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында ташылып келгендерди кошпогондо, автотранспорт каражаттарынын кузовдорун ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыксын.