ТИМ АКШдагы кыргызстандыктарга CDL алууда күчөтүлгөн талаптар колдонулуп жаткандыгын эскертти
19 февраль

ТИМ АКШдагы кыргызстандыктарга CDL алууда күчөтүлгөн талаптар колдонулуп жаткандыгын эскертти

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрүн (CDL) алуу жана узартуу тартиби боюнча мурда жарыяланган маалыматтын уландысы катары Америка Кошмо Штаттарында аталган күбөлүктөрдү берүү жана узартуу боюнча күчөтүлгөн талаптар колдонулууда экенин билдирет.

АКШнын Транспорт министрлигинин жана Автотранспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча федералдык администрациясынын түшүндүрмөлөрүнө ылайык, CDL алууга же аны узартууга укук, эреже катары, төмөнкү категориядагы адамдарга сакталат:

  • АКШнын жарандарына;
  • «грин-карта» ээлерине (АКШнын мыйзамдуу туруктуу жашоочуларына);
  • АКШда айрым жумуш визаларынын негизинде жүргөн чет өлкөлүк жарандарга.

Ошондой эле иштөөгө уруксат (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) болгонуна карабастан, АКШнын федералдык органдары тарабынан таанылган тиешелүү иммиграциялык макамы жок учурда CDL алууга же узартууга кепилдик бербегендигине көңүл бурабыз.

КР Тышкы иштер министрлиги жарандарга штаттын ыйгарым укуктуу органдарынан талаптарды алдын ала тактоону, уруксат берүүчү документтердин колдонуу мөөнөттөрүн көзөмөлдөөнү жана федералдык ченемдерге мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү эске алууну кайрадан сунуштайт.