
Кыргызстанда бир жумада 152 мас айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында 14нөн 20-октябрга чейинки аралыкта 18 миң 366 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 466;
- Мас абалында автунаа каражатын башкаруу – 152;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 322;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 930;
- Автоээнбаштык – 18;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 856;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 553;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 835 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.