Ош: Алишер Навои атындагы эс алуу багындагы “Палван-Сарай” бузулууда
Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы эс алуу багынын ичинде жайгашкан “Палван-Сарай” имараты буздурулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, буга аталган объекттин дээрлик 20 жылдан бери кароосуз калып, таштандыга айланып кеткени себеп болгон.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, имарат толугу менен бузулуп, анын орду эс алуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн жашыл аймакка айландырылат.
Маалыматка ылайык, “Палван-Сарай” имараты мындан 30 жыл мурда курулуп, мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин жакындарына таандык болгон. Шаар бийлиги тарабынан мүлк ээлерине объектти оңдоп-түзөө жана иретке келтирүү боюнча бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан, талаптар аткарылган эмес.
Буга чейин шаар башчысы аталган эс алуу багын жеринен көрүп чыгып, максатсыз пайдаланылып жаткан аймактарды шаардын балансына өткөрүү зарылдыгын белгилеген.
Белгилей кетсек, мындан ары Алишер Навои атындагы парк толугу менен жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери улантылмакчы.
