Россия Кыргызстанга азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясын жөнөттү
2026-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасына Россия Федерациясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУнун ДАТП) жалпы көлөмү 1 957,3 тонна азык-түлүк жеткирилди. Анын ичинде 1 755 тонна буудай уну жана 202,3 тонна өсүмдүк майы бар.
Азык-түлүк жардамы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорлорунун алкагында өлкө боюнча 5 850дөн ашык аялуу үй-бүлөнү колдоого багытталат. Программалар акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурууну, ирригациялык жана ичүүчү суу инфраструктурасын калыбына келтирүүнү, бак-дарактарды отургузууну, тобокелдиктерди азайтуу максатында дарыя жээктерин бекемдөөнү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларды, ошондой эле майыптуулугу бар адамдарга азык-түлүк түрүндө колдоо көрсөтүүнү камтыйт.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мамлекеттик санариптик базасына кирген үй-бүлөлөр Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу акчалай төлөмдөрдү алышат. Мындан тышкары, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жамааттардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган коомдук пайдалуу долбоорлорго катышканы үчүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 300 кг байытылган буудай уну жана 30 литр өсүмдүк майы берилет.
