«Кыргыз Республикасынынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маалымат менен Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Болотбек Борбиев тааныштырды.
Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда: кыйноо колдонгондугу үчүн кызмат адамдарына гана эмес, расмий түрдө иш алып барган башка адамдарга карата да кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөө; беренени расмий түрдө иш алып барган адамдардын чөйрөсүн аныктоочу эскертүү менен толуктоо.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова расмий түрдө иш алып барган адамдардын чөйрөсүн аныктоочу эскертүүгө токтолуп, аны иштеп чыгуу жана кайрадан түзүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Гүлшаркан Култаева кыйноолордун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларга көңүл бурууга чакырды. Депутат Камила Талиева эл аралык уюмдардын отчетторунан алынган маалыматтарды бөлүп көрсөтүп, мыйзам долбоорунда расмий жана расмий эмес түрдө иш алып барган адамдарды аныктоо бөлүгүндөгү терминдер тууралуу кеп кылды. Депутат Бурун Аманова кыйноолордун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыгып, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери арасында бул багытта атайын иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Мыйзам баарына түшүнүктүү болушу керектигин жана юридикалык терминдерди туура жана так колдонуу зарылдыгын белгилеген депутат Курманкул Зулушев мыйзам долбоорунда «расмий түрдө иш алып барган адамдардын чөйрөсүн» так жазып чыгуу керектигин айтты.
