Бишкектин айрым жерлеринде 27-февралда суу өчүрүлөт
25 февраль

Бишкектин айрым жерлеринде 27-февралда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 27-февралда суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелет:

  • Кийизбаева - Мамбетов  - Курманжан Датка  көчөлөрү. Саат 10:00дөн 20:00гө чейин;
  • Ахунбев – Ш.Руставели – Тыналиев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин;
  • Саманчин - Малдыбаев - Байтик Баатыр - Сүйөркулов - Тыныстанов - Малдыбаев - Ахунбаев көчөлөрү. Саат  10:00дөн 14:00гө чейин.

Шаардагы таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.