Социалдык коргоо департаментине жаңы директор дайындалды
21 октябрь

Социалдык коргоо департаментине жаңы директор дайындалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментине жаңы директору болуп Алапаева Нуржан Мусаевна дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин бул кызматты А. Балбаков ээлеп келген, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.

Нуржан Алапаева буга чейин Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.