Быйыл Оштогу А.Навои атындагы паркта беш миң түп көчөт отургузулат
27 январь

Быйыл Оштогу А.Навои атындагы паркта беш миң түп көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы эс алуу багынын аймагында алынып салынган соода-сатык жайларынын ордуна беш миң түп көчөт отургузулат. Мындай тапшырманы таңкы рейддин жүрүшүндө шаар мэри Жеңишбек Токторбаев берди. 

Мэриядан кабарлашкандай, буга чейин шаар башчысы аталган парктагы бир катар соода-сатык жайларын алып салуу боюнча көрсөтмө берген.

Ошондой эле парк толугу менен жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин баса белгилеген.

Мындан тышкары, парк аймагында жайгашкан “Палван-Сарай” имаратынын орду келечекте эс алуу жайы катары уюштурулат.