
ЖАКтын кызматкерлери квалификациясын жогорулатууну улантууда
2024-жылга бекитилген квалификацияны жогорулатуу планынын жана ЖАКтын Окуу борборунун окуу графигинине ылайык мекемелердин жетекчилеринин тарбиялык жана кадрдык иштер боюнча орун басарларына окутуу курсу өткөрүлдү.
Курстун темасы: "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумундагы башкаруунун актуалдуу маселелери".
Программанын алкагында КР пенитенциардык тутумунун ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилерин камтыган 20дан ашык тематикалык багыттар каралды.
Окутууга Жактын Окуу борборунун алдыңкы окутуучулары, ошондой эле чакырылган эксперттер тартылды.
Философия илимдеринин кандидаты Талант Эгембердиев курстун алкагында мекеме жетекчилеринин орун басарлары жана окуу борборунун кызматкерлери үчүн чечендик чеберчилик боюнча тренинг өткөрдү.
Курс аяктагандан кийин мекеменин башчыларынын орун басарларына окуудан ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган сертификаттар тапшырылды.