Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды
19 февраль

Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырдыю Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

Ал акыркы мезгилдерде ден соолугу жакшы болбой, дары-дармек менен жүргөндүгүн айтты.

"Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм", - деди ал.