Арзан баада батир берүүнү убадалаган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды
11 май

Арзан баада батир берүүнү убадалаган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

2026-жылдын 5-апрелинде Бишкек шаарынын ИИББна М.Д. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын август айында белгисиз жаран арзан баада батир алып берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, кийинчерээк акчасын көбөйтүп берем деп алдап, 85 миң АКШ долларын ээлеп алып, андан соң из жашырып кеткендиги айтылган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1980-жылы туулган Э.Д. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кармалган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.