Милиция кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды
19 февраль

Милиция кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын 2019-жылы туулган жашы жете элек кызынын машыктыруучусу Э.А.га карата чара көрүүнү суранган. Себеби, 2025-жылдын 24-декабрь күнү машыгуу учурунда денесине залал келтирилгени билдирген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган А.Н. аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.