Бишкекте кайрымдуулук фонддун жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды
Бишкекте кайрымдуулук фонддун жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, Ички иштер министрлигине Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында өздөрүн кайрымдуулук уюмдарынын ыктыярчылары катары тааныштырып, коомдук жайларда, анын ичинде мечиттердин жанында жана жол жээктеринде жарандардан акча каражаттарын чогулткан адамдардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдан бери иш алып барган «Биз эл менен» кайрымдуулук фонду аныкталып, анын жетекчисинин жана уюштуруучуларынын өздүгү такталган.
Жүргүзүлгөн финансылык талдоонун жыйынтыгында фонддун жетекчисинин жана уюштуруучуларынын банктык эсептери аркылуу ири суммадагы акча каражаттары жүгүртүлгөнү аныкталган. Анын ичинде 2026-жылы жетекчинин эсептеринин биринде 41 миңден ашуун операция жүргүзүлүп, жалпы жүгүртүүнүн көлөмү 12 млн сомдон ашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, 2024-2026-жылдар аралыгында келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 30 млн сомду түзөт.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан фонддун жетекчиси 1993-жылы туулган Б.кызыТ. Бишкек шаарында кармалган. Анын жашаган жеринде жана автоунаасында тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана башка буюмдар алынган.
Соттун чечими менен ага карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалып, №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө иштери улантылып, акча каражаттарынын кыймылы, келтирилген зыяндын так көлөмү жана башка адамдардын кылмыш ишине тиешеси бар-жогу аныкталууда.
