Депутат: “Баатыр эне” наамын 15-20 миң сом бере койгондор бат алышат
19 февраль

Депутат: “Баатыр эне” наамын 15-20 миң сом бере койгондор бат алышат

“Баатыр эне” наамын 15-20 миң сом бергендер ала алат, бере албагандар куру калат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди.

Ал көп балалуу энелердин мамлекет үчүн кошкон салымын белгиледи. Айтымында, мамлекеттин башкы байлыгы – бул анын жарандары. Эли канчалык көп болсо, ошончолук мүмкүнчүлүк көбөйөт, экономика өсөт жана тышкы чакырыктарга туруштук берилет.

“Бирок “Баатыр эне” наамын алуу бир топ кыйынчылык менен коштолот. Алуучунун жашаган жеринен маалымкат, ар бир баласынын жашаган жеринен жана билим алып жаткан балдарынын окуган жеринен маалымат талап кылынат экен. А көп энелердин балдары бир жерде чогулуп жашабайт, Россияда, Казакстанда жашагандары бар. Ал жактардан маалымкат чогултуп келгиче, убактысы өтүп, наам ала албай калышат”, – деди депутат.

Ал ар кандай маалымкаттарды токтотуп, эне канча баланы төрөдү – ушул фактыга гана таянуу керектигин кошумчалады.

Андан сырткары, депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда наам ала албай жүргөн 80 жашка чыккан көп балалуу энелер да бар. Ошондой эле Мавлянова мыйзамдагы “баласы соттолсо, наам берүүгө болбойт” деген пунктка өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

“15-20 миң сом бере салгандар бат эле наам алышат экен, а бере албагандар ала албай жатышат. Бул эл арасындагы факт. Баласы соттолсо, “Баатыр эне” наамын бербей коюу да туура эмес. Анткени эне канча деген кыйынчылык менен баланы жарык дүйнөгө алып келет, чоңойтот. Андан соң, эрезеге жеткенден кийин бала өз жашоосуна өзү жоопкер болот. Баланын туура эмес жолго түшүп кетишине бир гана эне эмес, коом, айлана-чөйрө да күнөөлүү болот”, – деди депутат.

Юстиция министри Аяз Баетов наам берүү боюнча комиссияда чынында эле бюрократия бардыгын моюндады жана алдыда санариптештирүүнүн алкагында бул жоюуларын белгиледи.