УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңы жетекчиси кызматына киришти
19 февраль

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңы жетекчиси кызматына киришти

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында 19-февралда УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчи Жоомарт Токтогуловду тааныштырды. 

Иш-чарага облус башчысы Аманкан Кенжебаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө аймактарда мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууда, ошондой эле президенттин тапшырмаларын так жана өз убагында аткарууда биргеликте иш алып баруу зарылдыгын баса белгилеп, Жоомарт Токтогуловго жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.