«Манас» эл аралык аэропорту учак кырсыгынан кийин ишин кайра жандандырды
www
8 июль

«Манас» эл аралык аэропорту учак кырсыгынан кийин ишин кайра жандандырды

«Манас» эл аралык аэропорту каттамдарды кабыл алуу жана жөнөтүү ишин кайра жандандырды. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аба каттамдар жаңыртылган графикке ылайык аткарылат.

Эске салсак, 7-июлда аэропортто Бишкек–Ош багыты боюнча каттаган TezJet авиакомпаниясынын учагы менен авиациялык кырсык катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учак учууга аракет кылып жаткан учурда арткы шассилеринин биринин тирөөчү сынып кеткен. Натыйжада аба кемеси сол канатына кыйшайып, асманга көтөрүлүүгө жетишпестен учуп-конуу тилкесине жыгылган.

Учактын ичинде 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү – эки учкуч жана төрт борт коштоочу болгон. Алардын бардыгы авариялык трап аркылуу эвакуацияланган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок. Айрым жүргүнчүлөр жеңил жаракаттарды, анын ичинде көгөрүүлөрдү, кесилген жерлерди жана башка жеңил жаракаттарды алышкан. Аларга медициналык жардам окуя болгон жерде көрсөтүлгөн.

Бул окуядан улам аэропорт убактылуу учактарды кабыл алуу жана жөнөтүү иштерин токтоткон. Окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматтары, медициналык бригадалар, аэропорттун жетекчилиги жана TezJet авиакомпаниясынын өкүлдөрү иш алып барышкан.