Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Кореяга келди
президенттин администрациясы
15 сентябрь

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Кореяга келди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, расмий сапар менен Корея Республикасына келди.

Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысынын Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия - Корея Республикасы” биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары мамлекет башчысы бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышмакчы.