Таласта мал уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды
Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Талас ОИИБдин тескемесинин талаптарын аткаруу максатында, Талас облусунун аймагында 2026-жылдын 13-мартынан 15-мартына чейин «Мал уурулук» аталышындагы рейддик иш-чарасы уюштурулган.
Иш-чаранын алкагында, Талас ОИИБдин жана Айтматов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан, Талас облусунун аймагындагы бир нече мал уурулук кылмыштарын жасоого шектелип, издөөдө жүргөн Айтматов районунун 1981-ж.т. тургуну Т.Н аныкталып, кармалды.
Издөөдө жүргөн кылмышкер Т.Н га карата кызматкерлер өздүк кароо жүргүзгөн учурда, жанынан эки уюлдук телефон, бир бычак, бир адам сөлөкөтүндөгү бет кап, бир мурч балону, кара түстөгү баштык жана 2020 ( эки миң жыйырма) сом акча каражаты табылган.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 2-февралында кылмышкер Т.Н га карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышкердин жүргөн жери анык болбогондуктан издөө жарыяланган.
Азыркы учурда кылмышкер Т.Н. Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
