Ош шаарында дагы бир жаңы эс алуу жайы пайда болот
16 январь

Ош шаарында дагы бир жаңы эс алуу жайы пайда болот

Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө, Касиет тойканасынан тартып Б. Осмонов көчөсүнө чейинки аймактын бир тарабында жаңы эс алуу жайы курулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, бул аймакта буга чейин мыйзамсыз жайгашкан унаа тетиктерин саткан жайлар жана бир катар соода түйүндөрү болгон. Учурда алар толугу менен алынып, ордуна жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар салынууда.

Мындан тышкары, аймак жашылдандырылып, арча көчөттөрү отургузулуп, түнкү жарыктандыруучу чырактар жана эс алуучулар үчүн отургучтар орнотулууда.