Баткендеги медициналык клиникада жүрөккө операция жасалууда
Баткен шаарындагы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын №6 Академиялык клиникасында жүрөккө операция жасалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн облус башчысы Айбек Шаменов клиниканын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.
Облус башчысы элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү багытында түзүлгөн шарттарды көрүп, бейтаптар менен баарлашты.
Белгилей кетсек, аталган медклиника 2025-жылдын 20-мартында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган.
Бүгүнкү күнгө чейин 8000ден ашуун бейтап амбулатордук негизде кабыл алынды. 300дөн ашуун бейтапт ооруканада жатып дарыланып чыкты. 30га жакын хирургиялык операциялар жасалды.
Ошондой эле 10 адамдын жүрөгүнө операциялар жасалды.
Клиникада төмөнкү багыттарда дарылоо жана дарт аныктоо жүргүзүлөт;
- Күндүзгү стационар
- Кеңеш берүү жана дарт аныктоо бөлүмү
- Терапия бөлүмү
- Неврология бөлүмү
- Кардиология бөлүмү
- Хирургия бөлүмү
- Жандандыруу бөлүмү
- МСКТ- компьютердик томография
- Рентген
- УЗИ
- ЭхоКГ
- Лаборотория
- Эндоскопия
- Физиотерапия.
Ошондой эле 150 номери аркылуу Тез жардам кызматы 24 саат бою иштейт.
