Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталат
15–18-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Бул Кыргызстан менен Казакстандын медициналык адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ири кесиптик иш-чара.
Иш-чараларга Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери катышат. Төрт күндүн ичинде академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасында, Улуттук онкология жана гематология борборунда, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана башка медициналык мекемелерде лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, мастер-класстар, клиникалык талкуулар, бейтаптарга консультациялар жана биргелешкен операциялар өткөрүлөт.
Программа кардиология жана кардиохирургия, онкология, педиатрия, балдар хирургиясы жана ортопедия, нейрохирургия, акушердик жана гинекология, медициналык генетика, реабилитация, лабораториялык диагностика жана саламаттык сактоону санариптештирүү сыяктуу кеңири багыттарды камтыйт.
Өзгөчө көңүл практикалык тажрыйба алмашууга бурулат. Программанын алкагында заманбап дарылоо ыкмалары боюнча көрсөтмөлүү операциялар жана мастер-класстар, анын ичинде татаал кардиохирургиялык жана интервенциялык кийлигишүүлөр өткөрүлөт.
Өзүнчө багыт катары медициналык билим берүүнү жана санариптик технологияларды биргелешип өнүктүрүү маселелери каралат. Адистер телемедицина, саламаттык сактоо системасын санариптештирүү, кадрдык ресурстарды башкаруу, медициналык адистерди даярдоонун заманбап ыкмалары, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана эксперттер менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Мындан тышкары, 15–17-сентябрда Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандын тармактык адистеринин катышуусунда эки мобилдик медициналык клиника иш алып барат. Медициналык жардам Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы ҮДТ да жана Ысык-Ата районунун Хунчи айылындагы ҮДТда көрсөтүлөт.
Казак медицинасынын күндөрү эки өлкөнүн медициналык адистери үчүн түз кесиптик диалог жүргүзүүгө, клиникалык тажрыйба алмашууга жана мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган маанилүү аянтча болот.
