Бишкектин айрым жерлеринде 4-мартта таза суу жок болот
www
3 март

Бишкектин айрым жерлеринде 4-мартта таза суу жок болот

Бишкектин айрым жерлеринде 4-мартта саат 9:00дөн 22:00гө чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Өчүрүү аймагы: Куйручук көчөсү – Молдокулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Куйручук көчөсү.

Д- 200 ммден Д-300 ммге чейинки магистралдык суу түтүгүнүн кайра туташтырууга байланыштуу суу берүү токтотулат.

"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.