Ошто Транспорттук каражаттарды жана мамкаттоо борборунун жаңы имараты курулууда
15 январь

Ошто Транспорттук каражаттарды жана мамкаттоо борборунун жаңы имараты курулууда

Ош шаарында Транспорттук каражаттарды жана мамлекеттик каттоо борборунун жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев курулуш аянтына барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, кабар алды.

Белгилей кетсек, имараттардын жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзүп, 2 блоктон турат. Ар бир имаратта 35 кызматкерге кызматтык орун каралган. Техникалык кароо имаратында 3 бөлмө бар.

Долбоордо видеобайкоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, эс алуу жайлары да камтылган.