Комитет саламаттык сактоо министри кызматына Досмамбетовдун талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети бүгүнкү жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетовдун талапкерлигин жактырды.
Белгилей кетсек, ал буга чейин 1-декабрда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
