Министрлер кабинети
31 июль
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Чолпон-Атага келди
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
