Ата-Башы районунда узундугу 15 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 сентябрь

Ата-Башы районунда узундугу 15 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Ат-Башы районундагы жалпы узундугу 15 чакырымды түзгөн Чар – Ак-Муз автомобиль жолу толугу менен асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Натыйжада Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунан Чар – Ак-Муз айылына чейинки жолдун бардык бөлүгүндө асфальт төшөө иштери аяктады.

Буга чейин жолдун 6,2 чакырым тилкесине асфальт төшөлгөн, быйыл калган 7,8 чакырымы толугу менен жаңыланды.

Жолдун асфальтталышы менен жергиликтүү тургундар үчүн каттамды үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу жүргүзүүгө шарт түзүлүп, айдоочулардын жол жүрүүсү да жеңилдеди.

Ошондой эле жолдун транспорттук абалы жакшырып, Чар – Ак-Муз айылынын район борбору жана башка калктуу конуштар менен байланышы жакшырды.