Дарыгер эхинококкоз оорусу качан жана кантип жугаарын айтты
15 январь

Дарыгер эхинококкоз оорусу качан жана кантип жугаарын айтты

Эхинококкоз оорусунун жугуу жолдору кайсы жана алдын алуу чаралары кандай болушу керек? Бул боюнча Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун инфекционист-дарыгери Айкөкүл Сатылган кызы “Биринчи радионун” эфиринде айтып берди. 

Ал белгилегендей, бул оору көбүнчө үй жаныбарларынан – ит, мышыктан жугат. Ошондой эле жуулбаган кол менен тамак-аш жеген учурда, жашылча-жемиштерди жакшы жуубай колдонгондо да тобокелдик жогорулайт. 

“Бул оорунун эпидмезгили жок, ал ар кайсы убакта жуга берет. Мал баккан адамдар жугуу коркунучу жогору. Андан сырткары оорулуу малдын этин чала бышырып жегенде, мал жүнүн кырккандан, ит, мышыкты кармагандан кийин колду таза жуубагандан болот”, – деди ал. 

Дарыгер эхинококк мителери эң көп жайгашчу жер катары боор менен өпкөнү атады. Ал эми мээ, жүрөк ж.б. органдарда сейрек кездешет.