Соцтармактардагы сын-пикирлерден улам Stage Fest фестивалы Ала-Арчадан башка жерде өтмөй болду
Stage Fest музыкалык фестивалынын уюштуруучулары иш-чараны «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынан башка аянтчага көчүрүү чечимин кабыл алышты.
Буга чейин социалдык тармактарда фестиваль 22-августта Ала-Арча тоолорунда ачык асман алдында өтөрү тууралуу маалымат тараган.
Программада беш диджейдин жана популярдуу артисттердин өнөр көрсөтүүсү, фуршет, барлар, оюн жана эс алуу зоналары, ошондой эле уюштурулган транспорт кызматы каралган. Билет баасы 2,5 миң сомдон башталары айтылган.
Иш-чара тууралуу жарыя коомчулукта нааразычылык жараткан. Социалдык тармактын колдонуучулары Ала-Арча өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы экенин белгилеп, катуу музыка жана пиротехниканы колдонуу айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн экенин билдиришкен.
Уюштуруучулар комментарийлер менен таанышып, айтылган кооптонуулар негиздүү экенин моюнга алышкан.
«Биз сиздерди уктук жана фестивалды башка аянтчага көчүрүү чечимин кабыл алдык. Биздин максат — жаркын иш-чараларды өткөрүү, бирок жаратылышка зыян келтирүү менен эмес», — деп айтылат билдирүүдө.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, жаңы аянтча фестивалды коопсуз өткөрүүгө жана жаратылышка зыян келтирбөөгө мүмкүнчүлүк берет. Анын жайгашкан жери жакын арада жарыяланат.
Иш-чаранын өткөрүлүү күнү азырынча өзгөргөн жок — 2026-жылдын 22-августу.
