Депутат самокат тепкендерге катаал эрежелерди киргизүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова Ички иштер министрлигинен самокат айдагандарга кандай эреже киргизишерин сурады.
“Кээ бир өлкөлөрдө самокатты тебүүгө тыюу салуулар каралган. Дагы башка өлкөлөр айрым чектөөлөрдү кабыл алган. Бизде жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдо самокат тепкендер жарандарды сүзүп кетип жатышат. Мындай окуялар көп катталууда”, – деди депутат.
Ал ИИМден самокатчылар үчүн катаал эрежелерди киргизүү боюнча кандай ойдо экенин сурады.
ИИМ министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, учурда самокаттардын, мопеддердин кыймылын жөнгө салуу боюнча иштер жүрүүдө.
“Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин мэрия самокаттарды каттоого ала баштайт”, – деди ал.
