Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кибер кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмчөсү мыйзамсыз “дропперлик” фактыларын аныктады
Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кибер кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмчөсү уюлдук байланыш каражаттарын жана банктык төлөм карталарын колдонуу аркылуу жасалган алдамчылык фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерине жана жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде атайын иш-чараларды жүргүзүп келет.
Бүгүнкү күндө иш-чаралардын жыйынтыгында айрым кылмыштуу схемаларда алдамчылык операцияларды жүргүзүү максатында үчүнчү жактардын атына катталган банктык карталар жана SIM-карталар колдонулганы аныкталды.
Бул фактыларды тактоо жана тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында Ош ШИИБдин кызматкерлери Бишкек шаарынын, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында акчалай сый акы алуу үчүн өздөрүнүн банктык карталарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга мыйзамсыз өткөрүп берген 21 жаран аныкталды. Алар шарттуу түрдө “дропперлер” деп аталат.
Аталган жарандар керектүү тергөө жана процессуалдык аракеттерди жүргүзүү үчүн тергөө кызматына жеткирилди. Учурда алардын аракеттерине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук баа берилүүдө.
Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгы банктык карталарды, төлөм реквизиттерин жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү, ошондой эле аларды мыйзамсыз максаттарда колдонуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Алдамчылыктын түздөн-түз аткаруучусу болбогон учурларда да жаран шериктеш катары жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Укук коргоо органдары жарандарды банктык карталарын, SIM-карталарын жана жеке маалыматтарын бөтөн адамдарга бербөөгө, ошондой эле алдамчылыктын бардык фактылары боюнча ички иштер органдарына ыкчам түрдө кабарлоого чакырат.
