Бишкектин айрым аймактарында үч күнгө газ өчүрүлөт
9 октябрь

Бишкектин айрым аймактарында үч күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 9-11-октябрь күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлайт. 

Көгүлтүр от Абай көч., Горький көч., Панфилов көч., Кулатов көч., Каракульская көч., Медеров көч., Ашхабад көчөлөрүндө жок болот.

«Бишкекгаз»түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.