Депутат: Ош шаарында 300дөн ашуун үй-бүлө турак жайына ээлик кыла албай калышты
www
3 июнь

Депутат: Ош шаарында 300дөн ашуун үй-бүлө турак жайына ээлик кыла албай калышты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бекмурза Эргешов Ош шаарындагы турак-жай маселесин көтөрдү. 

Айтымында, аталган шаардагы Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Айтмаматов, Көчөрбаев, Атабаев, Сүйүнбаев жана Ибраимов көчөлөрүндө жайгашкан турак жайлардын 300дөн ашуун ээлеринин менчик укугу чектелүүдө. 

“Мындай маселенин келип чыгышы – 2016-жылдагы Ош шаарынын башкы планына аталган аймак жашыл зона катары кирип калганы. Бирок бул адамдар ошол жерде көп жылдан бери туруктуу жашап келишет. Калктуу конуш катары толук калыптанган. Азыр эми курулуш иштерин жүргүзө алышпайт, үйлөрүн сата алышпайт”, - деди депутат. 

Ал тиешелүү тараптан чын эле аталган аймак жашыл зонабы же башкы планда ката кетирилгенби – тактап берүүнү суранды. 

Ошондой эле Ош шаардык мэриясын бул маселе боюнча кагаз жүзүндө түшүндүрмө берүүгө чакырды.