Бишкек шаарында «Синтетика жана притон» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө
7 февраль

Бишкек шаарында «Синтетика жана притон» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Синтетика жана притон» шарттуу аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагында түнкү көңүл ачуучу жайларда, ошондой эле жаштар көп чогулган эс алуу жайларында текшерүүлөр өткөрүлүүдө.

Ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө Бишкек шаарынын ИИББнын БМЖКК кызматкерлери, атайын багыттагы бөлүктүн жоокерлери, райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери тартылып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖККнын атайын даярдыктан өткөн кызматтык-издөө иттери колдонулууда.

Иш-чаралардын жүрүшүндө «Вегас» түнкү көңүл ачуучу жайы жана «Телепорт» диско-бары текшерүүдөн өткөрүлдү.

Белгиленгендей, «Синтетика жана притон» операциясынын алкагындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары туруктуу негизде жүргүзүлөт. Анын негизги максаты – баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын аналогдорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле борбор калаада коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу болуп саналат.

Бишкек шаарынын ИИББ жарандарга кайрылат: эгерде сиздерде баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, аларды сактоо, таратуу же притондордун ишмердүүлүгү тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102 телефону аркылуу билдирүүнү суранабыз.

Анонимдүүлүк кепилденет.