Кыргыз Республикасынын жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда
14 март

Кыргыз Республикасынын жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, Министрлик тарабынан Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышачылыгынын жана Катар Мамлекетинин аймактарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча кезектеги атайын эвакуациялык авиакаттам уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Эвакуациянын биринчи этабында, жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган. 2026-жылдын 13-мартында жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Эр-Рияд шаарына багыт алды.

Эвакуация процесси аяктап, жарандар Мекенине кайтып келгенден кийин Министрлик кошумча маалымдайт.