Сүйүнчү! Ошто үч эм жарык дүйнөгө келди
9 октябрь

Сүйүнчү! Ошто үч эм жарык дүйнөгө келди

Ошто 32 жаштагы Садирали кызы Чолпон үч эм төрөдү — бир уул жана эки кыз. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ымыркайларга Али, Айлин жана Аманда деген ысымдар берилди. 

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров бүгүн бөбөктөрдү жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энесинен кабар алып, акчалай белек тапшырды. 

Белгилей кетсек, Садирали кызы Чолпон жолдошу Азамат Мусаевдин үй-бүлөсүндө эми 5 баласы бар.