Ош шаарынын Навои көчөсүнө асфальт төшөлө башталды
Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн Алымбек датка көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү унаа жолуна асфальттын биринчи катмары басылып жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жол 5 тилкеге ылайыкташтырылууда.
Алдыда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана ирригациялык лотоктор да орнотулат.
