Таластагы “Манас-Ордо” комплексинин реконструкция иштери активдүү уланууда
15 январь

Таластагы “Манас-Ордо” комплексинин реконструкция иштери активдүү уланууда

Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас-Ордо” комплексин реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө, арматура каркастарын монтаждоо жана монолиттик темир-бетон плитасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, опалубка системасын орнотуу жана котлован казуу иштери жүргүзүлүүдө.

“Манас-Ордонун” жалпы аянты 225 гектар. Жаңы долбоорго ылайык, музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейип, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап жана улуттук стилде чагылдырылат.

Долбоорго ылайык, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алууга жөндөмдүү болгон Борбордук Азиядагы уникалдуу маданий мейкиндикке айланат. Комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук элементтер камтылган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар үчүн борборлор курулууда. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын түзгөн галерея жана 3500 орундуу маданий жана коомдук иш-чаралар борбору да каралган.

Белгилей кетсек, комплекс акыркы 30 жылда биринчи жолу ири масштабдагы реконструкция иштеринен өтүп жатат.