президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
3 июнь
Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Бүгүн Баткен шаарында Баткен облустук прокуратурасынын имаратынын ачылуу аземи өттү.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Максат Асаналиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, облус прокурору Абай Молдокматов жана прокуратура кызматкерлери катышты.
Административдик имарат эки кабаттуу болуп курулуп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
